Кийинки жылы май-июнь айларында Кыргызстанда “Дүйнө туризм сулуусу-2008” эл аралык сынак өтөт. Аны Туризм боюнча мамлекеттик агенттик менен “Дүйнө туризм сулуусу” уюмунун президенти Жон Сингх биргеликте уюштуруп жатат. Сынак учурунда журналисттер үчүн маалымат борбору ачылат. “Дүйнө туризм сулуусу-2008” сынагын эл аралык жыйырмадан ашуун телеканалдар чагылдырат деп күтүлүүдө. Сынакка катышуу үчүн Кыргызстанга дүйнөнүн жүздөн ашуун өлкөсүнөн чырайлуу бийкечтер келет. Учурда Кыргызстандан бул сынакка жолдомо алуу үчүн 22 кыз ат салышууда. 17-сентябрда Бишкекте калыстар тобу өлкөнүн атынан чыга турган сулууну тандайт. (ZMa)