Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

15:15 Борбор калаада да мугалимдер жетишсиз


Бишкек шаарындагы орто мектептерде 5 560 мугалим иштөөгө тийиш болсо, 1-сентябрга карата 400 окутуучу жетишпейт. Негизинен математика, информатика, орус жана англис тилдери боюнча мугалимдер аз. Физиктер да жетишсиз. Жалпы борбор шаар боюнча 75 540 окуучулук орун болсо, быйылкы жылы Бишкектеги орто мектептерге 100 миңден ашуун бала катталган. Бишкек шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматы боюнча окуу бир нөөмөт менен жүргүзүлгөн мектеп жок, бардык мектептерде балдар эки, айрымдарында үч нөөмөт менен окушат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG