1-сентябрга карата Бишкек шаарынын жана Жалалабат облустарынын бир да орто мектебине көмүр түшүрүлө элек. Ысыккөл, Талас облустарындагы мектептер 3,8-4,8% гана көмүр менен камсыз болгон. Жалпы Кыргызстан боюнча орто мектептер үчүн 62 миң тоннадан ашуун кара алтын керек болсо, бүгүнкү күнү 4,9 миң тонна гана көмүр жеткирилген. (ZKo)