ОШ. Директору Махаботхон Усманованы жумуштан бошоткондугу үчүн нааразыланган Ош шаарындагы Абдуллаев атындагы №41 мектептин эмгек жамааты 1-сентябрда иш таштоого ниеттенишкен. Бирок жаңы жетекчилик жана укук коргоо органдары мугалимдерге кысым көрсөтүп жатышат, дейт аталган мектептин укук мугалими Ферюза Акматалиева. Анын ырасташынча, директордун милдетин аткаруучу Мухтарамхон Кудаярова репрессиялык ыкманы колдонуп каяша айткандарды кодулап жатат. Ал эми чет тили мугалими Фарида Кубатова: биз каршылык көрсөтүүнүн прогрессивдүү жолун тандадык, жаңы жетекчи менен сотто жолугушмакчыбыз, деп билдирди.
Ал эми Ош шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Абдубали Балтабаев мектептин жетекчиси мыйзамдуу түрдө бошотулгандыгын айтып, эгер нааразылык улана берсе мыйзам чегинде чара колдонуларын эскертти. (АТ)