Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:16

ТОКСОНДОГУ ДААНЫШМАНДЫН ЖЕТИ ЖАШАР УСТАТЫ


Билим күнү Кыргызстандагы 2111 мектептин босогосун 1 миллион 124 миң ашуун окуучу аттайт. Орто билим берүү тармагында 72 миңден ашуун мугалимдер иштешет. Өкмөт быйылкы жылы мурда–кийин башталган мектеп курулуштарын аягына чыгару милдетин алдына койгон. Жаңы окуу жылына карата 10 мектеп бүтүп ишке киргизилди. Анткен менен азырга чейин мектеп окуучуларын окуу куралдары менен толук камсыздоо, мектептерди компьютерлештирүү, окууга келбей калган балдар-кыздарды мектепке тартуу жаатында айрым проблемалар азырынча чечиле элек.

Билим күнү Бишкек шаарындагы мурдагы «Номур беш», азыркы улуттук-компьютердик гимназияда чоң салтанат-шаң менен ачылды. Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров 7 жашар устат менен 90 жаштагы шакирт тууралуу аңыз кептин маани-жайын чечмелеп, момундай каалоо-тилек айтты.

- Ошол ааламдын акылын чөнтөгүнө салган даанышман ушул очоктун кандай салынышын билбейт экен. Анан 7 жашар бала чуркап келип: «Ата, эмнеге кыйналып жатасыз», десе, даанышман: «Очок кура албай кыйналып жатам» дептир. Анда бала: «Келиңиз ата, чогуу куралы», деп даанышманга очок курушту үйрөтүп койгон экен. Ошол күндөн баштап, 7 жашар бала көчөдө келатса 90 жаштан өткөн даанышман адам колун көкүрөгүнө алып башын ийип турчу экен. «Дүйнөдө сага бир нерсени үйрөтүп койгон кишини устат катары сезгиле, устаттын көңүлүн көтөрбөсөң жараткандын өзү сага ыраазы болбойт», деген экен.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев быйыл мектептердин убагында бүтпөй жатышынын себеп-жөнүн каржылоонун убагында берилбей калышына байланыштуу түшүндүрдү.

- Баш-аягы болуп 27 мектеп курулуп жатат. Анын ичинен 10 мектеп бүттү. Калгандары 1-ноябрга карата бүтөт. Себеби, өзүңүздөр билесиздер, Шаңкай кызматташуу уюмуна биртоп акча каражаттар кетип калды. Ошондуктан, иш жүзүндө эсеп августтун жыйырмаларынан кийин гана ачылды. Бирок азыр иш ырааты дурус. Мына, буюрса отуздай мектеп 1-октябрга чейин бүтөт.

Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байтобетов Бишкектеги «номур беште» окуган. Билим күнү анын эки небереси мектеп босогосун аттап, 1-«в» классына отурду.

- Мобу 1-классты окутуу кандай кыйын экенин сезип турам. Мына менин эки неберем 1-«в» классында окуган жатат. Күлүмкан эже, сиздерге, 1-класстын мугалимдери, ушунчалык урмат менен ийилем.

Бишкек шаар тургуну Ооганбек Жаанбаев да небересин мектепке ээрчитип келген.

- Анан эми окуу куралы, окуу китеби, калем сабы менен даяр болгону эч нерсеге арзыбаган нерсе. Эгер мугалимдер жамааты жакшы окутканга, 1-класстан тарта терең билим бергенге жакшы арыш таштабаса, жалаң окуу куралдары менен эле камсыз болуу билим алууга тете болбойт.

Улуттук гимназиянын 3-классынын окуучусу Фатиманын бул күнкү кубанычы биртоп окуу китептерин алышы болду окшойт.

- Мага адабият сабагы жагат,- дейт китептерди толо кучак көтөргөн ийнелик кыз.

Билим күнүн көнүмүш жумушчу күн катары эсептеген, жетишпеген турмуштун айынан мектепке бара албай калган балдардын саны канча экенин так билген киши жок. Айрым бейөкмөт уюмдардын болжолунда ал 70 менен 80 миңдин ортосундагы санды түзөт. Кесиптешим Зейнеп Мартбек кызы мектепке барбай, Бишкектеги базарлардын биринде араба түрткөн Рустамды кепке тарткан.

- Урушат. Кээ бирөөлөр, «буга бер» деп келишет. Уурдап кеткен учурлар болот. Алдап кеткен күндөр болот.


Мектеп, билим жаатындагы мындай проблемалар болгон жана боло берет, деп билдирди мамлекеттик катчы А.Мадумаров.

- Мектеп жаатында, билим берүү жаатында бизде проблемалар жетиштүү болуп келген жана азыр деле жетиштүү. Кийин деле жетиштүү боло берет. Себеп дегенде, бул прогресс, жылып турчу нерсе.

Азыркы мектеп башынан кечирип жаткан орчун проблема жалаң эле окуулук, компьютерлердин жетишсиздиги эмес, жарыбаган маянага чыдабай мугалимдикти таштап кетип жаткандардын көптүгү, билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү болууда. Бирок да ага карабастан, бул күнү республиканын бардык мектептери эшигин кенен ачып, билим майрамы салтанат-шаң менен коштолуп турду.

XS
SM
MD
LG