Ройтерс агенттигине ылайык, аты аталбаган кол башчы бул каражатка келечек жанкечти чабуулдары үчүн курал-жарак жана унаа сатылып алынаарын кошумчалаган. Бошотулган 19 туткунду кечээ Ооганстандан чыгарып кетишти. Сеул талибдерге эч кандай акча төлөнгөн жокпуз деп айтууда. Анын аралыгында, Ооганстанда ооган полициясы жана чет элдик күчтөр өлкөнүн түштүгүндө 40 чакты согушкерди өлтүргөндүгү кабарланууда.