БАТКЕН. 1-сентябрь күнү облустагы 224 мектепте “Мекеним Кыргызстан” сабагы менен окуулар башталды. Ошондой эле жаңы окуу жылында облуста эки мектеп жаңыдан пайдаланууга берилип, үч мектептин курулушу жүргүзүлүүдө. Аймактагы мектептерде жалпысынан 99 миң 633 окуучу билим алышат. Ошондой эле облуста 517 мугалимдин орду бош турат. Мектепке тартылбай калган он окуучу расмий каттоого алынган. Бул тууралу “Азаттыкка” облустук билим берүү жана илим башкармалыгынан маалымдашты. (SA)
19:00 Баткен облусу боюнча 224 мектепте окуу башталып, аларда 99 миң 633 окуучу билим ала башташты