Салык жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитеттин Чүй облустук башкармалыгынын жетекчиси Акылбек Кадыралиевдин маалыматы боюнча быйылкы жети ай ичинде 921 млн 679 миң сомдон ашуун салык жыйналган. Бул мурда болжолдонгон пландан 92 млн сомго көп. Облустагы ири ишкана Кант цемент шыйпыр комбинаты жыл башынан бери 85 млн сом салык төккөн. Бул өткөн жылкы ушул мезгилде төгүлгөн салыктын суммасынан 27 млн сомго көптүк кылат, дейт Акылбек Кадыралиев. (ZKo)