2006-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 362,4 млн долларга жеткен. Кыргызстандан Казакстанга товар экспорттоо мурдагы жылга караганда 40%, ал эми импорт 14,5% көбөйгөн. Ал эми 2007-жылдын жети айында товар алмашуу 210,8 млн доллар болду, бул өткөн жылкы көрсөткүчтөн 35% көп.
Экономиканы өнүктүрүү жана соода министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, Кыргызстандан Казакстанга негизинен айыл чарба азык-түлүктөрү экспорттолот, ал эми казак тараптан күйүүчү май, алкоголдук ичимдиктер, суусундуктар, тамеки жана курулуш материалдары ташылат. (ZKo)