Өлкөнүн вице-президенттеринин бири Ахмад Зия Масуд бул тууралуу Британиянын Сандей Телефраф гезитине берген маегинде билдирди. Анын сөзү боюнча, апийим британ аскерлери жайгашкан Хелманд провинциясында рак оорусундай тарап жатат. Өткөн аптада Бириккен Улуттар уюму Ооганстанда апийим өстүрүлгөн жерлердин көлөмү 17 пайызга көбөйгөндүгүн билдирген.