Ал Аксы окуясы боюнча депутаттык комиссиянын төрагасы катары бул маселени иликтеп чыкканын,аны парламенттин күн тартибине киргизип, сыналгыдан толук көрсөтүүнү сунуш кылды. Анын мындай сунушун депутат Азимбек Бекназаров да колдоду. Бекназаров ошондой эле өлкөнүн аймагында чет өлкөлүктөр кен байлыктарын казып жатканын, алардын лицензиясын текшерүү керектигин, түштүктө чекара маселесин тез арада чечүү зарыл экендигин айтты. (AJ)