Бүгүн бир катар депутаттар өлкөдөгү дан азыктарынын, тамак-аштын баасынын кескин кымбаттаганын талкуулап, өкмөттү чечкиндүү чара көрбөй жатат дешип сынга алышты. Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев кымбатчылык Кыргызстандагы жакыр адамдардын санын дагы жарым миллионго көбөйттү деген баасын берди.Дан азыктарынын кымбатташы, айыл чарбасы жана мал ылаңдарына байланышкан маселелерди парламент 7-августта карамак болду.(AJ)