Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

«ЫСЫККӨЛ» КИНОФЕСТИВАЛЫНДА 12 ӨЛКӨНҮН КӨРКӨМ ТАСМАЛАРЫ КӨРСӨТҮЛӨТ


Чолпонатада бүгүн биринчи “Ысыккөл" кинофестивалы башталат. “Азаттыктын” фестивалда сынга коюла турган тасмалар жөнүндө жана башка суроолоруна “Кыргызкино” мамкомпаниясынын төрагасы Замир Эралиев жооп берген.

- Азыр Чолпонатада жүрөт экенсиз, даярдыктар кандай болуп атат? Бүгүн кандай тартипте фестиваль ачылганы жатат, коноктор, катышуучулар келип бүтүштүбү?

- Биз абдан толкунданып турабыз. Себеби, биздин коноктор келе башташты. Калыстар тобунун төрагасы Москвадан Владимир Арсеньев, Казакстандан атактуу актер Жолжаксынов Досхан, Ташкенден СССР эл артисти Шухрат Абасов, Москвадан СССР эл артисти Давлат Худаназаровдор келишти. Мен кечээ кечинде сүйлөштүм, Ирандан абдан чоң делегация келатат, Тегеран фестивалынын башкы директору Насир Бекеде, Маданият институтунун директору, аны коштогон бир топ жардамчылары Раджа Бейрмухамед сыяктуу коноктор келе жатышат. Биз конокторду тосконго даярбыз.

- Бизге жеткен маалымат боюнча, Шанхай уюмуна мүчө эмес мамлекеттерден да кино тасмалар фестивалга катышып жаткан экен. Жалпысынан 60 тасма тандалып алынганы да маалымдалды. Ушул фестивалга тасмалар кандай тартипте тандалып алынды экен?

- Бул жерде профессионалдуу он чакты кинорежиссерлор ошол тасмаларды тандап отурушту. Комиссиянын төрагасы биздин атактуу операторубуз Нуртай Борбиев болду. Биз бир эле критерий менен тандадык: тасманын көркөмдүгү, өнөрүнүн күчтүүлүгү, оператордун, режиссер, актерлордун мыкты чеберчилиги боюнча кызыктуу тасмаларды тандаганга аракет кылдык. Жүздөн көбүрөөк кинотасманын арасынан мыктылары тандалды. Сиз туура айтып атасыз, башка өлкөлөрдөн да келди тасмалар - Украина, Латвиядан, Армениядан, Азербайжандан. Биз Англия менен да сүйлөшкөнбүз. Мына Ирандан да бир топ тасмаларды жиберди. Иши кылып 12 өлкөнүн тасмалары көрсөтүлөт.

- Кыргызстандан фестивалга катыша турган кинотасмалар канча болду. Алардын арасынан үмүт байлаган, алдыңкы кино тасмаларды атай аласызбы?

- Ооба, биз кыргыз киносун да абдан колдодук. Мен деген режиссерлордун тасмалары бар. Мисалы, Асыранкуловдун “Бейиштеги чымчыктар” тасмасы, Берназаровдун “Парз”, Эрнест Абдыжапаровдун “Боз салкын”, Нурлан Абдыкадыровдун “Петрарканы окуганда” аттуу тасмалары, алардан тышкары 12 жаш режиссерлордун тасмаларын киргиздик.

- Маегиңизге чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG