ЧҮЙ. Бул туурасында бүгүн Сокулук райондун тургундары маалымат жыйынында билдиришкен. Алардын билдиргенине караганда сокулуктуктар 2005- жылы өздөрүнчө «Солто» коомуна биригишип, 2007- жылдын апрель айында болсо аталган коомдун жетекчиси Ново Павловка айыл өкмөтүнө караштуу он үч гектар жерди бир жүз элүү үй бүлөөгө бөлүп берген. Мыйзамдуу түрдө документтери жок болсо дагы өздөрүнүн жергиликтүү экендиктерине таянган жергиликтүү тургундар турак жай курууну баштаган. Бирок ушул жылдын 22- августунан 23- августуна караган түнү белгисиз адамдар келип, салынып калган жүз элүү үйдүн жетөөнү талкалап кетишкен. Буга байланыштуу үй куруучулар Сокулук районунун акимин жана Ново Павловка айыл өкмөтүн бүгүнкү маалымат жыйынында сынга алышты. Бирок аталган райондун акими Адамкалый Чыныбаев жогорудагыдай мыйзамсыз аракеттеринен эч кандай майнап чыкпастыгын «Азаттыкка» билдирди. Андан сырткары он үч гектар жерге салынып калган курулуштар толугу менен түрттүрүлсүн деген райондук кеңештин чечими чыккандыгын кошумчалады. (JJ)