ТАЛАС. 2006-жылы 21-июнь айында Манас районунун Жебе айылынын тургуну Нургыз Жээнбаева облустук ооруканада эгиз бала төрөп, экөөнүн тең көзү көрбөй калган. Балдардын туугандары дарыгерлерди күнөөлөп, учурунда укук коргоо кызматкерлерине кайрылышкан. Төрөттү кабыл алган дарыгер Назира Исакова “Азаттыкка” балдардын мындай төрөлүшүнө дарыгерлер күнөлүү эмес, балдар эненин ичинде жатканда инфекцияга дуушар болушкан деп айтууда. Бүгүн губернатордун биринчи орунбасары Акбаралы Карабаев дарыгер Назира Исакованы кабинетинде кабыл алып, бул тууралу документтерди толук даярдагыла деп талап кылды. Назира Исакова Бишкектеги неврология бөлүмүнүн профессору Нурмухамед Бабажановдон бул тууралу кагаз күтүп жатышканын “Азаттыкка” маалымдады. (UA)
18:05 Таласта эгиз төрөлгөн балдардын көздөрүнүн көрбөй калышына дарыгерлерди айыпташууда