Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

18:25 «Кыз бурак» тобу Ташкенттеги фестивалда ЮНЕСКОнун сыйлыгын утуп алды


Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын “Кыз бурак” тобу Ташкент шаарында өткөн “Чыгыш ыргактар” аттуу фестивалга катышып, ЮНЕСКОнун атайын сыйлыгын утуп кайтты. Ош филармониясынын директору Гүшайыр Садыбакасова алтынчы фестивалда дүйнөнүн 38 өлкөсүнүн өнөрпоздору ат салышкандыгын, сынакка башынан аягына дейре Өзбекстан президенти Ислам Каримов өзү катышкандыгын кабарлады. Ошондой эле өзү жетектеп барган “Кыз бурак” ансамбли Орусия, Азербайжан, Өзбекстандан кийинки төртүнчү орунду ээлеп, иш чараны уюштурган ЮНЕСКОнун атайын байгесине татыгандыгын сүйүнчүлөдү. “Кыз бурак” тобун фестивалга катышуусун ЮНЕСКО жарым-жартылай каржылап, калган чыгымдарын Өзбекстан көтөргөн. (АТ)

XS
SM
MD
LG