Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

18:28 Нарын облусунда участкалык милициялар жетишпейт


НАРЫН. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук-коопсуздук бөлүмүнүн начальниги Акылбек Чукуловдун айтымында, облус боюнча 83 участкалык милиция керек болсо, учурда 42 милиция кызмат өтөөдө. Бул болсо кылмыштуулуктун, анын ичинде мал уурулуктун көбөйүшүнө алып келүүдө. Ал эми “Нуржолбери” бей өкмөт уюму Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен облуста биринчи болуп “Кварталдык полиция эл менен шериктеш” деген долбоорду ишке ашыра баштайт. Анын максаты участкалык милиция кызматкерлеринин билим деңгээлин, иштөө ыкмасын окутуу жолу менен жогорулатуу жана элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу. Долбоорго Кочкор, Атбашы, Нарын райондорунун милициялары катыша алышат. (JI)

XS
SM
MD
LG