Бул тууралуу маалыматты Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн адиси Закир Темиров 3-сентябрда “Азаттыкка” билдирди. Лейлек районуна караштуу Жаңыжер айыл өкмөтүнүн аймагында АН-2 үлгүсүндө учактын күйгөн калдыгы табылган. Азырынча учак кайсы өлкөгө жана кайсы компанияга караштуу экени белгисиз бойдон калууда. Учурдагы алдын ала изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча окуя болгон жерде адам өлүмү болбогондугу анык болду. Ошондой эле Лейлек ички иштер бөлүмүнөн кабарлангандай, учак маңзат ташыгандарга тийиштүү болушу да мүмкүн деген шек кетүүдө. (SA)