Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн айрым тургундары кечээ маалымат жыйын өткөргөн эле. Жыйындын катышуучулары апрель айынан бери аталган районго тиешелүү он үч гектар жерге жергиликтүү тургундар үй куруп баштаганын, 22-августтан 23-августка караган түнү айрым үйлөрдү белгисиз бирөөлөр талкалап кеткенин билдирди. Үй куруучулар бул үчүн райондун акими жана өкмөт башчы жооптуу болгонун айтат. Бүгүн аталган айыл өкмөтүнүн жыйырмага чукул тургуну Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн жоопко тартууну талап кыла турганын “Азаттыкка” алардын өкүлү Райгүл Арзыматова билдирди. (ZMa)