Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:21

9:45 Депутат Дооронбек Садырбаев өзүн коргоп калууну парламенттен өтүндү


Аксы окуясы боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын коомчулукка ачык жарыялай тургандыгына байланыштуу Садырбаев өзүнүн өмүрүнө коркунуч туулганын, Жогорку Кеңештен өзүн коргоп калууну өтүндү. “Кылмыш дүйнөсүнүн №1-адамына Садырбаевди өлтүргүлө деген буйрук берилиптир. Мени Акаев-Бакиев тандеми коркута албайт” деп билдирди Садырбаев. Анын айтымында, МТРКнын журналисттери анын интервью бербейм дегенине карабай сыналгыдан жаманатты кылып көрсөтүүгө аракет кылган. Ошондуктан МТРКнын эки журналистин парламентке кирүүгө уруксат берүү укугунан ажыратууну талап кылам деди Садырбаев. Ал Жогорку Кеңештин төрагасынан 14-сентябрда Аксы окуясы боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыгын сыналгыдан түз эфирден кыскартпай толук берүүнү өтүндү. Депутат Темир Сариев парламент төрагасынан Садырбаевдин саясий билдирүүсүнө маани берип, бул боюнча тийешелүү органдарга кайрылып, керек болсо Садырбаевге жан сакчы берүүнү сунуштады. Төрага Марат Султанов бул боюнча тиешелүү чара колдонорун айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG