Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:56

10:50 Жергиликтүү кеңештерге депутатыкка талапкер күрө акысын төлөбөө чечими кабыл алынды


Депутат Өмүрбек Текебаев сунуштаган Шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киригизүү жөнүндө мыйзам долбооруна жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкер 3 миң сом күрө акысын төлөбөстүгү тууралуу сунуш киргизилген. Бир катар депутаттар ал күрө акыны калтырууну талап кылышты. Депутат Камчыбек Ташиев 3 миң сом таба албаган адам айылдык кеңешке депутат болуп жыргатпастыгын, эч кандай маселе чече албастыгын билдирди. Өмүрбек Текебаев адамдын баркын акча менен баалабоону, айыл жерлеринде татыктуу адамды жергиликтүү эл чөнтөгүнө эмес, анын жөндөмүнө карата шайлап алышарын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG