Депутат Дооронбек Садырбаевдин өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч туулгандыгы тууралуу билдирүүсүн эске алып, Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Ага ылайык Д, Садырбаевдин коопсуздугун камсыз кылуу ички иштер министри Болот Ногойбаевге жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Мурат Суталиновго тапшырылды. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө парламенттин Коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетине милдеттендирилди.(AJ)