“АКИпресс” агенттиги депутат Дооронбек Садырбаев “эгерде мени өлтүрүшсө, Санжар сен күнөөлү болосуң”,- деп кесиптеши Санжар Кадыралиевге кайрылды деген маалыматты таратышты. Бул маалыматты чагым салуу катары баалаган депутат Санжар Кадыралиев парламент төрагасынан “кокус бирдеме болуп кетсе менден көрүп жүрбөгүлө”, деген өтүнүчүн билдирди. Дооронбек Садырбаев болсо “кокус көзүм өтүп кетсе, Санжар иним мени сен көмөсүң” деп айтканын, массалык маалымат каражаттары парламентти жаманатты кылууга аракет кылып жатканын белгиледи. Спикер Марат Султанов Жогорку Кеңештин аброюн түшүргүлө деген тапшырма болгондугу тууралуу медиа агентиктеринен кабар түшкөнүн айтып, депутаттарды массалык маалымат каражаттарына жазылган жалган маалыматтарга маани бербей, өз иштерин так аткара берүүгө чакырды. (AJ)