Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:49

14:34 «Кайыңды- Кант» заводунун жабылышы дыйкандарды тынчсыздандырууда


Бул туурасында бүгүн «Жаны Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөлөрү маалымат жыйынында билдиришти. Алардын белгилешине караганда Чүй аймагындагы бирден- бир кант кызылчасын иштеткен «Кайыңды- Кант» заводу быйылкы күзгө даяр эмес. Заводдун иши бир нече айлардан бери токтоп турат. Жеке менчикке өтүп кеткен заводдун тагдыры бүгүнкү күндө Оруссиялык компаниянын колунда. Жетекчиси кайда кеткени туурасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да кабары жок. Иштеген миңдеген кызматкерлер болсо текникалар тонолуп, ташылып кетүү коркунучунда турганын эскертүүдө. Ал эми Панфилов районунун акими Самарбек Күчүков оруу- жыюу маалында заводдун иштебей турушу дыйкандар үчүн негизги көйгөй болуп турганын белгиледи. Кошумчаласак акыркы жылдары Чүй облусундагы башка шекер иштетүүчү заводдор дээрлик иштебегендиктен дыйкандар «Кайынды- Канттын» кызматынан пайдалып келишкен. (JJ)

XS
SM
MD
LG