Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:12

15:05 Исфанадагы чегара отрядынын аймагына мыйзамсыз кирген эки атуул жаракат алды

3-сентябрдын кечинде Исфана шаарынын тургундары Нурлан Жакыпов менен Азиреткул Маматовдор, ошол эле шаарда орун алган 20-21 чегара отрядынын короосуна ичүүчү суу алуу үчүн кирген. Алар чегарачылардын эскертүүсүнө карабай качып жөнөгөндө, күзөтчү ок чыгарган. Натыйжада коргоого алынган аймакка мыйзамсыз кирген Нурлан Жакыпов бутунан жарат алган. Бул тууралуу аталган чегара отрядынын командири Имамали Акимбеков 4-сентябрда «Азаттыка» маалым кылды. Чегара отрядына кирген Исфана шаарынын атуулдары райондук орууканада дарыланууда. Учурда бул окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүүдө. Бул тууралуу Лейлек районунун акими Кубанычбек Шайназаров «Азаттыка» кабарларды.
XS
SM
MD
LG