Ар бир бөлүмдү ачууга 600 миң сом каражат жумшалат. Учурда республиканын аймагында кароосуз калган жана жетим балдар жөнүндө так статистикалык маалымат жок. Жогорудагы бөлүмдөр ачылгандан кийин жардамга муктаж балдарды жана үйбүлөлөрдү көзөмөлдөп, колдоого алууга мүмкүнчүлүк болот. Бүгүнкү күндө 5 миңге чукул бала өкмөттүн карамагында тарбияланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтеринин, президенттин гендердик саясат жана социалдык бөлүмүнүн өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. “Балдарды коргоо жана колдоо” жөнүндөгү жардыкка президент К.Бакиев 30-августта кол койгон. (AJ)