Аталган концерт 17-18 сентябрда Бишкек шаарынын спорт ордосунда болуп кечки саат алтыларда башталат. Концернттин уюштуруучулары билдиргендей оюн-зоок программаларынан түшкөн киреше толугу менен атайы олимпиада оюндарына катышкан жаш спортчуларына, майып жана жетим балдарга колдоо иретинде узатылат. Концертке белгилүү эстрада ырчылары Адил Чекилов жана Гулнур Сатылганова катышмакчы. (ESu)