Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:10

ӨЗБЕКСТАНДА АЗЫК-ТҮЛҮК КЫМБАТ, КАЛК КЫЖААЛАТ


Өзбекстанда азык-түлүктүн негизги түрлөрү кымбаттап, айрым жерлерде калктын нааразылыгын пайда кылды. Фаргана областындагы Алтыарык районунда жергиликтүү тургундар көчө жыйындарына чыгышты. Такталбаган маалыматтарда калктын мындай аракеттери Анжиян, Наманган жана Фаргана шаарларында да болгону айтылат.

Фарганадагы Алтыарык район тургундары дүйшөмбү күнү Янги-Арап кыштагына чогулуп, ал жерден жөө-жалаңдап райондук борборго чейин барышкан. Жергиликтүү укук коргоочу активист Абдусалом Эргашев алтыарыктыктар райондук акимчилик алдында нааразылык жыйынын өткөрүшкөнүн кабарларды. Айрым чабармандар областтык борборго да барышкан экен, бийлик өкүлдөрү аларды кабыл алып, сүйлөшүп,көңүлүн жайгарып, Алтыарыкка кайтарып жиберишкен.

Калктын нараазылык жыйындары Өзбекстандын башка да аймактарында, алардын ичинде Анжиан,Наманган жана Фаргана шаарларында болгонун айрым бир интернет маалымат агенттиктери кабарлашты. Анжианда атүгүл жергиликтүү калк менен коопсуздук күчтөрү ортосунда кагылыш чыкканы тууралуу кайбат-каңшаар кептер Ташкенге чейин жетти. Бирок бу кабарлардын чын-төгүнүн тактоого мүмкүн болбой жатат. Биздин кабарчылардын анжиандык айрым тургундар менен байланышып, маалымат алуу аракеттери оңунан чыккан жок.

Жергиликтүү интернет агенттиктеринин бирин жетектеген көз карандысыз журналист Сергей Ежков: “Башка жактарда деле жагдай ушундай, болгону алтыарыктыктар өзгөлөргө караганда кыйла биримдигин көрсөтө алган өңдөнөт”, - деп билдирди.

Өзбекстанда негизги азык-түлүк, айрыкча нан, эт, өсүмдүк майы өткөн айда - августта кымбаттаган. Бир кило ундун баасы дээрлик бир долларга жетсе, уй эти - 5,5 доллардан ашты. Улуттук валютага алып эсептегенде, бир доллар ушу тушта 1275 өзбек сумуна барабар,орточо айлык акы 12 доллар. Калк кеңири керектеген тандыр нан Фарганада мурда 150-400 сумдун тегерегинде турса, азыр алды 800 сумга сатылат. Өзбек калкы өзгөчө кадырлаган патыр нандын баасы бир жарым миң сумга, же 1,2 долларга жетти.

Ташкендин өзүндө айтылуу Миробад базарында өсүмдүк майын талашып,кардалдар күн сайын аргамжыдай узун кезекте туруп калышты. Дүкөндө суу майдын килосун 2300 сумдан сатышса,базарда 1800 сумдан соодалашат.

Соңку кабарларда Маргалан шаарында коменданттык саат жарыяланганы айтылат. Мындан тышкары жергиликтүү калк жалпы Фаргана өрөөнүндө милициянын, атайын күчтөрдүн жана армиялык бөлүктөрдүн демейкиден жандуу кыймылын да байкап жатышат. Эксперттер муну Маргалан шаарынын 2 миң жылдык мааракесине байланыштырып түшүндүрүшүүдө. Маргаландын мааракеси эртең башталат жана ага президент Ислам Каримов катышат.

XS
SM
MD
LG