Тынчтык жаатындагы Нобель сыйлыгынын лауреаты, ирандык Ширин Эбади америкалык окумуштуу Халех Исфандиари менен биздин радионун фарсы редакциясынын кабарчысы Парназ Азимага өлкөдөн кетүүгө уруксат берилишин колдоду.
- Алар Ирандан чыгып кетишине уруксат берилгенине биз аябай кубанып турабыз, бирок, чынында, аларга биринчи күндөн тарта эле мындай уруксат берилиши керек болчу. Анткени, аларды түрмөдө же өлкөнүн ичинде кармап тургандык – бул Ирандын мыйзамдарына каршы келет, - деп билдирди Эбади Ширин.
Эсфандиари түрмөдөн чыгарылгандан кийин Тегерандан 3-сентябрда чыгып кетти. Биздин радионун кабарчысы Азима болсо бүгүн бийлик органдарынан документтерин алып жатканын билдирди. Ал дагы ушул күндөрү өлкөдөн чыгып кете турганын айтты.