Украинанын Жогорку Радасына мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого төрт жума калганда, жаңы конституциялык кризис түзүлдү. Бүгүн Жогорку Раданын депутаттары сессиянын ачылышына келгенде, президент Виктор Ющенко 30-сентябрга чейин алардын кабыл алган чечимдери мыйзамсыз болорун эскертти. 30-сентябрда парламентке жаңы шайлоо өтөт. Өкмөт башчы Виктор Янукович “Интерфакс” маалымат агенттигине берген интервьюсунда, “Депутаттардын ыйгарым укуктарын эч ким алган эмес, андыктан алар шайлоонун алдында адаттагыдай эле иштей алат”,-деп билдирди.