Ушул тапта кыргыз-америкалык аскерлердин машыгуусу өтүп жатат. Франциялык жоокерлер менен биргелешкен машыгуулар ушул жумада өтөт деп күтүлүүдө. Ушул эле күнү Жогорку аскер окуу жайларынын элүүгө чукул бүтүрүүчүлөрү практикалык окуулар үчүн жыйырма күнгө шаардын четине жөнөп кетет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коргоо министлигинин басма сөз кызматынан Айзада Игибаева маалымдады. (ZMa)