Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

8:19 Бүгүн Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге арналган марафон өтөт

Токтоболот Абдымомунов атындагы Улуттук драма театрында өтө турган марафон Ч. Түлөбердиев жасаган эрдиктин 65-жылдыгына жана туулган күнүнүн 85-жылдыгына карата уюштурулуп жатат. 15-сентябрда болсо, Ч. Түлөбердиевдин кичи мекени Талас облусундагы Карабуура районунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлмөкчү. Чолпонбай Түлөбердиев Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда, 1942-жылы 6-августта ок бүркүп жаткан душмандын дзотун төшү менен басып калган. Бул эрдиги үчүн Түлөбердиевге 1943-жылы “Советтер союзунун баатыры” деген наам ыйгарылган. (ZMa)
XS
SM
MD
LG