Бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен өлкө башчысынын жолугушуусу саат онго белгиленген. Бул тууралуу “Жарандык платформа” коомдук бирикмесинин лидери Алишер Мамасалиев “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, жолугушуу учурунда 10-июлда өткөн бейөкмөт уюмдардын форумунун жыйынтыктары, баш мыйзам жана шайлоо кодекси тууралуу сөз болушу күтүлүүдө. Жолугушууга “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун жетекчиси Рая Кадырова, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын лидери Динара Ошурахунова жана башка бейөкмөт уюмдардын жетекчилери катышат. Жолугушуунун соңунда анын катышуучулары маалымат жыйынын өткөрмөкчү. (ZMa)