Депутаттын шайлоочулары жана «Кайран Эл» саясий партиясынын мүчөлөрү белгисиз адамдардын Дооронбек Садырбаевди коркутуп-үркүтүүгө алып жатканына тынчсызданышууда. Алар өздөрүнүн депутатын коргоо боюнча атайын комитет түзүшүп, Дооронбек Садырбаевди коргоп калуу үчүн өлкөнүн борборуна барууну чечишти. Парламент депутатынын Аксы окуясы боюнча жүргүзгөн иликтөөсүн сыналгы аркылуу толук айтып чыгуусун алар толук колдошот. Эгер ага тоскоолдуктар жасала турган болсо коргоо комитети да чечкиндүү аракеттерди баштоого даяр. Бул тууралуу депутаттын райондогу ишенимдүү өкүлү Советбек Сеиткулов билдирди. Дооронбек Садырбаев өзүнүн шайлоочуларына Бишкеке келүүгө зарылдык жок экендигин, анын коопсуздугун сактоого сакчылар бериле тургандыгын билдирген.(YA)