Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

16:00 “Атамекен”: Кыргызстанда катаал авторитардык түзүлүштү куруу аракети бар


“Атамекен” социалисттик партиясынын бүгүнкү билдирүүсүндө, “өлкөдө президенттин колдоосунда административдик ресурстарды колдонуп өкмөттүк партияларды күчөтүү жолу менен катаал авторитардык түзүлүштү куруу аракети бар экенин көрүүдөбүз”,- деп айтылат. Азыркы тапта Кыргызстанда демократиянын негизги түзүмү оппозиция экени, ал бир катар реалдуу саясий чечимдерди кабыл алууга таасирин тийгизип жатканы белгиленген. Ошондой эле “Атамекен” партиясы мекендештерине эркин жана демократиялык мамлекетте жашоо укугун сактап калууга чакырган кайрылуу жолдоду. (AJ)

XS
SM
MD
LG