Жогорку Сот Аксы окуясына байланыштуу кылмыш иши боюнча кырк томго чукул материалдарды Бишкек гарнизондук аскерий сотуна бүгүн жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун кеңсе иштери боюнча бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, сот жараяны качан болоорун Бишкек аскерий соту аныктайт. Аксы окуясына байланыштуу президенттин администрациясынын мурдагы башчысы Аманбек Карыпкулов, Жалалабад облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов, чегара кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Садырбек Думанаев, Жалалабад облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Токобаев айыпталууда. Ал эми парламент депутаты Султан Урманаевдин кол тийбестик укугуна байланыштуу тергөө иши убактылуу токтотулган. (AJ)