ТАЛАС. 2005-жылы иштешкен Талас облустук №5 линиялык автомобилдик жолдордун башкармалыгынын башчысы Рысбек Кенжегараев, ошол эле мекеменин эсептөө адиси Гүлмира Сулайманова жана кампа башчысы Урмат Апышовдордун үстүнөн иш козголууда. Республикалык бюджеттен ошол кезде аталган жол башкармалыгына берилген 363 миң 200 сомду жеке ишкер Аман Орозалиевдин эсебине дизелдик май алуу максатында которуп, анын ичинен “Ботон” автомай күйүүчү ишканасынын башчысы Чолпон Сарталиевден 50 миң сом алышып, кассага кириштебестен, дагы бир жеке ишкер Эралиевадан аталган акча каражаты алынган деген жалган иш кагаздарын түзүп, акчаны өздөрүнө сиңирип коюшкан деген айып коюлууда. Бул маалыматты “Азаттыкка” облустук прокуратура бөлүмүнүн ага прокурору Арстанбек Чороев билдирди. (UA)