Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:44

Германияда исламчыл террорчу деп шектелген үч адам кармалды

Алар Франкфурт шаарынын аэропортуна жана Рамштайн деген жердеги америкалык авиабазага кол салууга даярданган деп шектелүүдө. Немец коргоо министри Франц Йозеф Юнгдун ушул окуядан соң билдиргенине караганда, террор коркунучу жакындап калган болчу. Шектүү адамдар кечээ камакка алынган соң, полиция өлкө боюнча тинтүү иштерин жүргүздү. Германиянын федералдык прокурору Моника Хармстын айтымында, камакка алынгандар Исламчыл Жихад Биримдиги деген топ менен байланышта болгон. Алардын экөөсү Германиянын өзүнүн жарандары, үчүнчүсү түркиялык. Баары Пакистандан машыгуудан өтүшкөн.
XS
SM
MD
LG