Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

8:14 Бүгүн Бакуда КМШнын тартип коргоо органдарынын жетекчилеринин жыйыны өтөт


Жыйында мыйзамсыз миграция менен күрөшүү жолдору жана бул тармакта мамлекеттер аралык кызматташтыкты жакшыртуунун ыкмалары талкууга алынмакчы. Мындан сырткары жыйында кылмыштуулук, маң заттардын мыйзамсыз аткезчилиги, террорчулук жана экстремизм менен күрөшүүнүн жолдору каралат деп күтүлүүдө. Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Украина жана Орусиянын ички иштер министрлери жана КМШнын Террорчулукка каршы борборунун өкүлдөрү катышат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG