18-19-сентябрда белгиленген иш сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн алака-катышын андан ары өнүктүрүү маселелери талкууланмакчы. Кечээ тышкы иштер министри Эднан Карабаев кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиянын тең төрагасы Абдурахим Ашур менен жолугушуп, анда Э. Рахмоновдун иш сапары эки мамлекет үчүн натыйжалуу болушу негизинен аталган комиссиянын ишмердүүлүгүнөн көз каранды болоорун белгиледи. ТИМдин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда жолугушууда ошондой эле коммуникация, соода-сатык жана Кыргызстан менен Тажикстан атуулдарынын бири-бирине каттоосундагы маселелерди чечүү боюнча кызматташууну жакшыртуу тууралуу сөз болду. (EBM)