Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:18

«ТАЙФУН» БАШТАЛАБЫ?


Каникулдан кайткан гезиттердин катарын бүгүн дагы эки гезит - «Де- факто» менен «Лица» толуктады.

«Лица» гезити «саясый сезондун башталышы» деген рубрика алдында «Курманбек Бакиевдин тайфуну жана Алмаз Атамбаевдин нан кризиси» деген баштеманы биринчи бетине өкмөт башчысынын нан кучактап турган сүрөтү менен кошо басты. Гезит каникулдан кайткандан кийинки алгачкы санына УКК акырындап чет өлкөлөрдүн чалгындоо кызматтарынын филиалына айланып баратканын, Аксы окуясына байланыштуу күнөөлөнүп жаткан депутат Султан Урманаевдин көлөмдүү интервьюсун, Курманбек Бакиевдин кулакка кесме илгенин, Нурсултан Назарбаевдин кыйды тамашасын, ошондой эле «Курманбек Бакиевдин тайфуну» деген аталыштагы макаласын басты. Анда президенттин тайфунуна кыскача токтоло кетели.

2005-жылдагы президенттик шайлоодо саясатчылар Бакиевди жок кыла турган компромат дал ушул «Тайфун» операциясында жатканын шыбырашып калган эле. Бирок Аксы окуясына байланышкан документтер ошол 24-мартта Акүйдүн өзүндө эле жок кылынып салынса керек. Ал эми биздин колго бул документ март революциясынан кийин келип тийген. Агездеги башпрокурор А.Бекназаров камап коет деп корккон бир чиновник, атын атабоону өтүнүп редакцияга алып келип берген болучу деп маалымдаган гезит «Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кеңешмесинин (17-июнь 2007-жыл, саат 21.00 дөгү № 31-23) протоколун жарыялады». Кеңешме «Жалалабад облсундагы Аксы районунун элдүү пункттарында оперативдүү абалдын татаалданышы жөнүндө» маселени карап, ага О.Ибраимов, Н.Танаев, А.Карыпкулов, Ч.Абышкаев, Т.Акматалиев, К.Иманкулов, Р.Ешмамбетов, К.Жумалиев, К.Укулов, М.Керимкулов, М.Абдылдаев, Ж.Досматов, А.Орозов катышкан. Кеңешме Аксы районундагы абалды жөнгө салуу боюнча жети пункттан турган чечим кабыл алган. Массалык башаламандыкты жөнгө салуу үчүн «Тайфун», админстративдик имараттарды коргоо үчүн «Буран» пландары аракетке келтирилген. Документте окуя болгон жерге керектүү сандагы спецназ отряддары, ИИМдин ички аскер бөлүгү жөнөтүлсүн, УКК менен Башпрокуратура биргелешип Аксы районундагы башаламандыктардын уюштуруучуларын таап чыгышсын жана КР мыйзамында көрсөтүлгөн тартипке ылайык жоопко тартсын деп айтылат. Гезит мындан тышкары ошол кездеги премьер-министр К.Бакиевдин экстремисттик маанайдан улам келип чыккан Аксы районундагы абалга байланыштуу ИММ министри Т.Акматалиев башында турган республикалык штаб түзүү жөнүндөгү көрсөтмөсүн да шардана кылды.

«Общественный рейтинг» гезити «Күндүн темасы» деп аталган рубрика алдында «Кош бол ШКУ, жаша инфляция!» деген макаласында «Жаңы Кыргызстан» саясый партиясынын орунбасар төрагасы Сергей Бенисович Кыргызстандагы кант өндүрүүчү ири ишканалардын бири-«Кайыңды-Кант» заводу жабылганы турганын, аны сактап калууга аракет кылган жан жоктугун, заводдун азыркы кожоюну Маскөөлүк экенин, айрым так маалыматтар боюнча чет өлкөлүк кожоюн завод жабдууларын Кыргызстандан чыгарып кетүүгө даярданып жатканын, эми кант кымбаттаарын айтканын кабарлады. Ошол эле учурда «Бишкексүт» АКнын бөлүм башчысы Александр Усов сүт кымбаттаганын билдирип бүтөлекте, Мамлекеттик көмүр ишканаларынын баш деректири Жапарбек Амантаев жакында көмүр кымбаттаарын сүйүнчүлөдү. Ал эми абалды бир аз болсо да жеңилдетүү максатында көмүрдөн алынуучу НДС салыгын алып салыш керек деп эсептээрин айтты «Ак улак» разрезинин башкармасынын төрагасы Тилек Сабыров. Эгер салык алынып салса көмүрдүн баасы дароо 400 сомго азаят эле дейт ал.

«Де-факто» гезити күзгү саясый күрөш, оппозиция кандай болорун сурап айрым жарандарга кайрылганда депутат К.Байболов мамлекетти натыйжалуу башкаралбагандык, Конституциялык реформалардын дээрлик токтоп туршу, азык-түлүк баасынын кымбатташы, менчиктин бийлик тарабынан кайра бөлүштүрүлүшү, коррупциялык күчтөрдүн күчөшү коомдо сөзсүз чыңалууну пайда кылат.Коом ансыз да нравалык, интелектуалдык кыйроого дуушар болууда деп айтса, Кыргызстан компартиясынын төрайымы К.Ажыбекова, баанын көтөрүлүшүнө жеке менчик ээлери себепчи болууда, мунун баары бүгүн эле эмес Куловдун өкмөттү башкарып турган мезгилинин кемчилиги деди. Коомдук ишмер И.Абдуразаков негизи эле күрөштүн болуп турганы коомдун тирүү экендигинин белгиси болорун, бирок күчтөр башаламан түшпөй уюшкан кырдаалда иш алып барса максатка жетерин айтса, «Интербилим» борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева бийлик менен оппозициянын мамилеси курчуурун, буга төрт себеп барын, биринчиси-азык-түлүктүн кымбатташы, экинчиси-19-апрелдеги митингке катышкандардын экөөнүн күнөөсү далдилденбесе да соттолуп кете бериши, үчүнчүсү-өлкөдөгү акниет иштеген ишкерлердин иштеринин өнүкпөй жатышы, төртүнчүсү-2005-жылдын 24-мартынан кийин бирөөнүн мүлкүн талап-тоноп тартып алса боло берет деген ойдун эл арасында калыптанып калышы деп жооп берген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG