Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:49

14:27 Жогорку Сот «матрешка чатагын» 18-сентябрда карайт


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укуктук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Наталья Новикова билдирди. Белгилүү болгондой чатак оппозиция лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев өткөн жылы 6-сентябрда Польшанын борбору Варшава шаарында 600 грамм баңгизат менен кармалганда чыккан. Польшанын тартип коргоо органдары окуяны иликтеп, аны Текебаевге каршы уюштурулган чагым катары баалап, Текебаевди бошотушкан. Жогорку Кеңештин комиссиясы өзүнчө иликтөө жүргүзүп, чатакка Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасынын биринчи орун басары Жаныш Бакиевдин тиешеси бар деген чечим кабыл алган. Жаныш Бакиев ал чечимди сотко берип, райондук жана шаардык сот инстанцияларында утуп чыккан. Эми маселени Жогорку Сот карамакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG