Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

14:49 Аксы окуясына Курманбек Бакиевдин юридикалык да, моралдык да күнөөсү жок


Мындай пикирин башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев бүгүн билдирди. «Тайфун» операциясына токтолгон башкы прокурор ички иштер министрлигинин Жалалабад облустук башкармалыгынын башчысы К.Токобаев тарабынан киргизилген операцияны мыйзамсыз деп атап, ошондуктан кылмыш иши козголгонун белгиледи. Белгилүү болгондой Аксыда 2002-жылы 17-мартта саат 16:30 ок атуулар болгон. Андан кийин кечки саат алтыда Токобаев «17-март саат 14:00 баштап «Тайфун» операциясы киргизилди» деген чечимди чыгарган. Ал эми 17-мартта кечинде ошол кездеги ички иштер министри Темирбек Акматалиев киргизген «Тайфун» операциясы мыйзам чегинде болгон, деп белгиледи Элмурза Сатыбалдиев. «Лица» гезитинин жазуусуна караганда, ошол кездеги өкмөт башчы Курманбек Бакиевдин төрагалыгы астында 17-мартта жыйын болуп, анда «Тайфун» операциясын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Чечимдин кабыл алынган убактысы 17-март кечки саат 21:00. (AiT)

XS
SM
MD
LG