Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

16:13 Сокулук районунда мыйзамсыз үй кургандардын көбү алданып калган


Бул туурасында депутат Темир Сариев «Азаттыкка» билдирди. Анын белгилешине караганда, кечээ жер маселеси Чүй облусунун губернатору Кубанычбек Сыйданов жана Сокулук районунун акими Адамкалый Чыныбаев менен биргеликте талкууланды. Кечээ өткөн маалымат жыйынында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз үй кургандарга эч кандай жер берилбейт деп белгилеген. Бирок кайрадан, губернатор менен депутат Темир Сариевдин жолугушуусу учурунда үйлөрү бузулгандардын ичинен бардык документтери талапка жооп бергендер жана Сокулук районунда беш жылдан кем эмес жашагандар үчүн жер берилет деген чечим кабыл алынды. Бүгүн болсо мыйзамсыз салынган үйлөрдүн ээлери аким А. Чыныбаевдын кабыл алуусунда болуп, түшүндүрүү иштеринен соң кайрадан документтерди топтоону башташты. Ал эми жерге муктаж адамдарды алдап, жер сатууну өнөкөт кылган алты адамдын үстүнөн кылмыш иши козголуп, учурда териштирүү жүрүп жатат. (JJ)

XS
SM
MD
LG