Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

ИРАН ӨКМӨТҮ АМЕРИКАЛЫКТАРДЫ ЭМНЕ ҮЧҮН АБАКТАН БОШОТТУ?


Иран бийликтери америкалык илимпоз Гале Исфандияри айымды үч ай чукул кармаган соң 3- сентябрда өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берди. Удаа эле “Фарда” радиосунун кабарчысы Парназ Азиманын паспорту сегиз айдан соң кайтарып берилип, ал Ирандан кетүүгө мүмкүндүк алды. Бийликтер башка бир америкалык окумуштуу Кыян Тажбакшы күрөөгө койо бериле турганын маалымдашты. Бирок, кош жарандыгы бар бул үч адам эмне себептен кармалганы тууралуу Иран өкмөтү ырасмий түшүндүрмө бербегендиктен, алар кандай негизде кармалган деген суроо туулат.

Иран бийликтери кош жарандыгы бар үч америкалыкты бир нече ай кармап отуруп, андан соң өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат бергени менен, аларды бошотуу себебин түшүндүрбөдү.

Вудров Вильсон институтунун Жакынкы Чыгыш программасынын директору Гале Исфандияри, атактуу филантроп Жорж Сорос уюштурган Ачык коом борборунун кеңешчиси Кыян Тажбакшы жана “Фарда” радиосунун кабарчысы Парназ Азимага Ирандын коопсуздугуна каршы аракеттенди деген сыяктуу күнөөлөр коюлган эле.

Азыр дагы Иран- АКШ жарандыгы бар калифорниялык тынчтык активисти Али Шакири абакта отурат. Бул төртөөнү камакка алуу жана алардын үчөөнү бошотуунун өзү Иранда саясат “мышык оюнундай” түшүнүксүз экенин, өкмөт кайсы бир чечимди эмне себептен кабыл алынып жатканын коомчулукка ырасмий жарыя кылбаганын күбөлөйт. Ошол эле учурда олуттуу кылымш жасады деп күнөөлөнүп жаткан кош жарандуу америкалыктарды соттобой койо берүүнүн эмне зарылдыгы бар эле деген суроону жаратат. Адистер Иран өкмөтүнүн мындай ырайымдуулугун кандай түшүндүрөт?

Виржиния шататындагы Деңиз күчтөрүн изилдөө борборунун Иран боюнча талдоочусу Билл Сааминин кеби:

-Бул башка да ирандыктарга силер эгер АКШ бийликтери менен кайсы жаатта кызматташсаңар антиөкмөттүк аракет деп бааланат жана абакка түшөсүңөр деп белги берүү болду. Андай белги Тажибакшы, Исфандияри, Азима аркылуу берилди. Үчөөнө каршы сот иши ачылса, өкмөт өзүн өзү жарга камай турганын түшүнүп, аларды кеткиле деп койо берди. Ирандын абагында отуруп чыккандан кийин, бул адамдар мекенине кайра келүүнү каалашпайт.

Исфандияри айым 300 миң доллар күрөө пулга бошотулду. Күрөөгө баалап алынган Исфандияринин апасынын үйү эми кайтарып берилбейт.

Ал эми бозгунда жүргөн ирандык журналист Фараж Саркуи Иран бийликтери өкмөттү сындаган адамдарды камакка алып, “Оозуңарды жаппасаңар силер да ушундай болосуңар” деп башкаларга эскертип жатат дейт:

-Бийликтердин бирден бир максаты- өз сындоочуларына ооз ачпагыла, антпечү болсоңор силерди да түрмө күтөт деп эскертүү болду. Бирок, бийликтин мындай аракетинен майнап жок. Себеби, акыркы 20 жылда көптөгөн адамдар камакка алынып, башка бирөөлөр күчтөп күнөөлөрүн мойнуна алдырылганы менен Ирандын эркиндиги үчүн күрөш өлкөдө токтобой уланууда.

Иран бийликтеринин Исфандияри менен Азима айымдарга өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат берүүсүн АКШ колдоду. Мамдепартаменттин өкүлү Том Касей 5- сентябрда жасаган билдирүүсүндө Иран өкмөтүн Тажбакши менен Али Шакирини да койо берүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG