Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

8:16 “Кылым шамы” бейөкмөт уюму бүгүн Аксы окуясы боюнча билдирүү таратат


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, кечээ уюм Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновго кат жолдогон. Анда уюм Курманбек Осмоновду Аксы окуясы боюнча жакында боло турган соттук териштирүүнү Бишкекте эмес, Аксынын Кербен шаарчасында өткөрүүгө, бардык күбөлөрдү сотко чакырууга жана соттук териштирүүнү ачык өткөрүүгө чакырат. “Биз күбөлөрдүн, бул окуя боюнча айыпталып жаткан адамдардын жана андан жабыркагандардын укугунун тебеленбешине көз салабыз деп милдеттенебиз”,-дейт Азиза Абдрасулова. (ZMa)

XS
SM
MD
LG