Лаборатордук анализдердин жыйынтыгында, эки жашка чейинки жети ымыркайда жана эки аялда СПИДдин ВИЧ инфекциясы бар болгону аныкталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз жетекчиси Елена Баялинова билдирди. “Ушуну менен бүгүнкү күнгө карата эпидемиологиялык изилдөөнүн натыйжасында, ооруканада кан куюуу жолу менен 22 адамга ВИЧ инфекциясы жукканын айта алабыз”,-деди Елена Баялинова. Анын айтымында, тешерүү Ош облусунун бардык ооруканаларында жүрүп жатат. (ZMa)