Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:41

10:50 Тынчтык Корпусунун жаңы ыктыярчылары 20-сентябрда ант бергенден кийин ишке киришет


Бул жылы Тынчтык Корпусунан Кыргызстанга алтымыштай ыктыярчы келген. Алар чегерилген жерлерге барып иштээр алдында үч айдай кыргыз тилин үйрөнүп, жергиликтүү элдин каада-салт, маданияты менен таанышышты. Эми алар эки жыл бою өлкөнүн алыскы-жакынкы аймактарында окуучуларга, студенттерге англис тилин үйрөтүшөт. Медицина тармагындагы адистер калк саламаттыгын сактаган уюмдар менен кызматташат. Ошондой эле айрымдары ишкерлик сабаттуулукту өнүктүрүү боюнча сабак берип бейөкмөт уюмдар менен иштешет. Тынчтык Корпусунун маалыматына караганда Кыргызстанга акыркы он төрт жылдын ичинде баш-аягы алты жүзгө жакын ыктыярчы келип иштеп кеткен. (EBM)

XS
SM
MD
LG