Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

18:21 Жалалабаттагы беш саясий партиянын өкүлдөрү жаштар менен жолугушту


Жолугушуу Бишкектеги Эл аралык республикалык институттун колдоосу менен уюштурулду. Жаштар саясий партиялардын максаттары менен таанышып, “Ата мекен” партиясынын облустагы төрагасы Садыралы Эргешов конституциялык реформа жүрбөстөн, үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп жаткандыгын белгиледи. Парламенттик-президенттик башкарууга өткөндө гана жоопкерчиликти бир уюм тартаарын түшүндүрдү. Жыйында жумушсуздук, коррупция, көп партиялуулук маселелер да козголуп чыгып, “Эркиндик” партиясынын облустагы өкүлдөрү парламентти жоюу жана конституциялык реформа маселесин референдумга алып чыгуу маселесин көтөрүштү. (YA)

XS
SM
MD
LG