Маркумдун сөөгү салынган табыт анын кичи мекени - Модена шаарындагы кафедралдык соборго коюлган. Ал жерге миңдеген адамдар келүүдө. Соңку бир жылдан бери рак дартынан жапа чеккен Лучано Паваротти кечээ 71 жаш курагында дүйнөдөн өткөн эле. Ал өз муунундагы тенор ырчылардын эң мыктысы деп эсептелчи. Павароттини акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү эртең 8-сентябрда болот.